Ош облусунун Өзгөн районунда жөө адамды өлтүрө сүзүп из жашырган айдоочу Бишкекке качып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-ноябрь күнү саат 22:30 чамасында Өзгөн-Мырза-Аке жолунун 4-чакырымында аталган райондун тургунун белгисиз айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.
Кырсыктан улам жабырлануучу 1968-жылы туулган Ч.А. окуя болгон жерден каза болгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында качып кеткен айдоочу Өзгөн районунун 1986-жылы туулган Т.Ж. аттуу айдоочу Мерседес-Бенц унаасы менен Бишкек шаарына качып бара жаткан жеринен жол кыймылынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Айдоочу Өзгөн РИИБине жеткирилип, унаасы айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.