Өлкөдө акыркы 9 айда 3 миң тонна баалуу металлдын калдыгы сатылды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бардык сатылган темирдин баасы 8 миллион 400 миң долларга бааланган. Алардын ичинен Орусияга - 1 067,4 тонна, Литвага - 676,1 тонна, Эстонияга - 649,8 тонна, Германияга - 396,4 тонна, Гонконгго - 55,3, Нидерландыга - 54,1 тонна металл экспорттолгон. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 9 миллион 400 миң долларга же жалпы 3 168,9 тонна темир экспорттолгон.