Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев өлкөдөгү пенсиянын көлөмүнөн уяларын билдирди. Мындай пикирин ал жергиликтүү "Спутник" маалымат агенттиги өткөргөн брифингде айтты."Мындай пенсия үчүн уялам", - деп кыска жооп узаткан Алиев.
Бактияр Алиев 2020-жылы КТРКнын башкы директору болуп, ушул жылдын октябрь айында кызматтан кетип, Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалган.