Түркиянын "Бешикташ" футболдук клубунун жаштар курамасында ойногон кыргыз футболчусу Автандил Дүйшеевге операция жасалды. Мындай маалымат "Бешикташ" клубунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Клубдун жаштар курамасында ойногон Автандил Дүйшеев УЕФА Жаштар Лигасынын алкагындагы "Аякс" клубуна каршы оюнда оң бутунан жаракат алган. Автандил Дүйшеевдин тезирээк сакайып кетишин каалайбыз", - деп жазылды клубдун баракчасында.
Автандил Дүйшеев "Бешикташ" клубуна 2015-жылы кошулган. Бул убакыт аралыгында ал клубда лидер оюнчулардан боло алды.