Өмүрбек Текебаев телефонун уурдады деп кармалган адамга карата тосмо арыз жазды

"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев телефонун уурдаган деген шек менен кармалган адамга карата эч кандай дооматы жок. Бул тууралуу ал УКМКнын имаратынын алдында журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, телефону ресторандын ичиндеги столдун үстүндө калган.

"Кармалган жигитке карата "тоноо" беренеси менен иш козголгон. Менден телефонду эч ким алган эмес. Телефон ресторанда столдун үстүндө калган. Мен чыккандан кийин кимдир-бирөө алган экен. Бул жагдайдан алганда тоноо эмес. Мага тергөөчүлөр келишет, мен документтерге кол коём, кармалган жигит бошотулат. Ага эч кандай дооматым жок", - деген Текебаев.

Маалымат үчүн:

1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасаган.

Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырган. Бишкек ШИИББи Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалгандыгын билдирген.

Токмок шаарынын депутаттары аксакал менен чогуу келишип, Өмүрбек Текебаевден кечирим сурашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
emirchik
2021-12-03 18:42:45
Молодец эркек экенсин
-2
nazira...
2021-12-03 18:51:49
Эми не башка сөз сүйлөп жатат. Столдун үстүндө калбай эле "бергиле ичинде апамын сүрөтү бар, 10мин эле сомдук телефон" дебеди беле. Бу шакал шерменде болуп бүтмөй болду, сыйын кетирип алды. Бир кыз менен жаткан жеринен видеосу чыккан, эми дагы бир кыз менен болгон аудиосу жүрөт, уят деген жок экен да мында. Ошо апасынан уялбайбы, кызын айтсаң тарбиялаган, тоба тооба
+2
Rusi79
2021-12-03 19:26:13
Ой эмне кино буттбу?
+2
rahat73.
2021-12-03 19:32:07
Өмүрбек Текебаев иштери бүт таза өзү эркекче жүргөн адам
0
Alinur96kg
2021-12-04 00:14:18
Анан эмне эле телефонумду кайтарып бергиле деп ызы-чуу болуп атты?Анан УКМК нын жанынан таап алышат.Эфааать кыргызстанда ишеничтуу бир политик калды бекен?
+1
Fernando_Torres
2021-12-04 00:22:11
Негизи Аллахка ишениш керек ишене турган деп жазыптыр текеге ишенген арам өлөт бул турган эле шайтан бул кармалат жакында
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан