Элчилик: "Москвада ок атуудан жаракат алган 23 жаштагы Кыргыз жараны ооруканада"

Бүгүн, 3-декабрда Москва шаарындагы көчөлөрдүн биринде ок атуу орун алып, андан Кыргыз жараны жаракат алганы айтылган.

Бул боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Москванын 2-Бресткая көчөсүндөгү бир жаранга травматикалык тапанчадан ок атылган окуя боюнча элчилик Москванын полициясы менен өз ара аракеттенүүдө.

Жабырлануучу А.А. Кыргыз жараны, ал 1998-жылы туулган. Учурда ал ооруканага жаткырылды.

Бул факты боюнча Орусиянын Москва шаарынын ОМВДнын Тверь району боюнча тергөө бөлүмү тарабынан текшерүү иштери жүрүүдө. Шектүү адам кармалды.

Бул маселени элчилик өз көзөмөлүнө алып, Кыргыз жаранына зарыл болгон консулдук жардам көрсөтөт", - дешти элчиликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mister-XXX
2021-12-03 21:56:43
33 жашта деп журот го.Тактап койгулачы.
0
19.09.95
2021-12-03 22:47:28
33 жашта киши таксист менен келише албай таксист ок чыгарыптыр
0
Melis2014
2021-12-03 23:08:59
19.09.95,тупой блят таксисти атып салды сенде каяктагы малымат
0
odin-takoy
2021-12-04 00:17:35
Таски менен доставка кылчу экен. Парковка жок жолду тосуп машинесин токтотуп заказын жеткиргени кирип кеткен экен. Негизи жолду тоспош керек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан