Бүгүн, 3-декабрда Күрөш федерациясынын кезексиз отчёттук-шайлоо конференциясы болуп өттү. Анда Күрөш федерациясынын президенти болуп Мелис Турганбаев шайланды. Бул тууралуу аталган федерациянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, Күрөш федерациясынын бюро мүчөлөрү Мелис Турганбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошкон.
Эскерте кетсек, буга чейин Мелис Турганбаев 2012-жылдан бери Күрөш федерациясынын эркин күрөш боюнча вице-президенти болуп иштеп келген.