"Окубасам дагы 27 миң сомду төлөшүм керек экен". Окурман окуудан чыгарылганына карабай документтери берилбей жатканын айтты

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин студенти кайрылды.

Окурмандын кайрылуусунда аны Жогорку окуу жайдан четтетип, бирок акча (контракт) төлөмөйүнчө документтерин колуна бербей жатканы айтылат.

"Мен, А.А 2018-2019-окуу жылында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы кыргыз-кытай колледжине келишимдик негизде (33 миң сом) тапшыргам. 1-курсту жакшы аяктадым. 2-курстун 1-семестринде 6000 сом төгүп, андан ары акча каражаты жок болгондуктан сессияны тапшыра алган жокмун. Анткени сессияга кабыл албай коюшту. Ошол бойдон окууну уланткан жокмун. Кийин мага окуудан чыгарышканын тастыктаган кагазды сүрөткө тартып жөнөтүштү.

Быйыл 2021-жылы күзүндө тиешелүү документтеримди алып кетүү үчүн окуу жайга барсам, мен окубасам дагы 27 миң сомду төлөмөйүнчө документтеримди бербейбиз дешти. Мен окубаган соң бул акчаны талап кылуу туура эмес го деп ойлойм. Алар мага 1 жыл толук окууга мүмкүнчүлүк түзүп беришкен эмес", - деди ал.

Бул кат биздин редакцияга эки ай мурун келип түшкөн. Окурмандын суроосуна жооп берүү үчүн SUPER.KG порталы Билим берүү жана министрлигине кайрылган. Биздин өтүнүч боюнча алар Жусуп Баласагын атындагы университеттин жетекчилигинен бул маселени тактап жана министрликте бул жаатта иштеген тиешелүү адистен жооп алып бермек. Эки ай ичинде бир нече жолу жасаган кайрылууларыбызга карабастан министрликтен эч кандай жооп болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан