
Бишкекте 70 жаштагы
Гальфия Шабурова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.
Ал ушул жылдын 1-декабрь күнү саат 13:44 чамасында Ахунбаев көчөсүндөгү 125 үйдөн чыккан боюнча дайынсыз.
Кийген кийимдери: кочкул кызыл капюшону бар күрмө, көк түстөгү жынсы шым, бутунда ак түстөгү кроссовка.
Өзгөчө белгилери: бою 165 сантиметр, салмагы 85-90 килограмм, чачы узун, толук дене түзүлүштө, оозунун он тарабында меңи бар.
Адашып калышы мүмкүн. Психикалык оору менен жабыркайт.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп-билген болсо төмөнкү телефондорго чалууну өтүнөт.
Байланыш телефону: 555 230 490, +996 755 074 720.