ЖАМКнын кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөтүштү

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана күзөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана оркестри Бишкек шаарындагы майыптар жана карылар мектеп-интернатында болушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, алар Беловодск шаарындагы балдар үйүнө жана №47 мекемеге акчалай жардам көрсөтүлүп, балдарга жалаяк, печенье, таттуулар жана башка керектүү нерселерди беришкен.

"Жаңы-Жер айылындагы №19 мекеменин кызматкерлери «Үмүт шооласы» уюму менен биргеликте айылдагы кызматкерлердин балдарына, соттолгондорго жана майып балдарга азык-түлүк пакеттерин таратышты. №24 мекеменин жамааты акчалай жардам көрсөтүштү. Мекемелердеги кызматтын ардагерлери да унутта калган жок. Бир катар мекемелерде жазасын өтөп жаткан соттолгон жарандарга тамак-аш, гигиеналык буюмдар, самын жана жуучу каражаттар берилди. Бардык каражаттар ЖАКнын кызматкерлери тарабынан чогултулуп, кубануу жакшы салтка айланган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ErkinOkenovich
2021-12-04 16:59:19
Аллахым ыраазы болсун силерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан