"Көзсүз деле бактылуумун". Көзү азиз Мухтар 4-классты бүтүп мектепке барбай калган. Борборго кантип келип, кантип ишкер болгонун айтып берди

Көзү азиз болсо да, көөдөнү менен көп нерсени туйган, сезе билген, ар кыл таланттын ээси Мухтар Өмүрбек уулу жетишкендиктери, кызыгуулары жана максаттары туурасында SUPER.KG порталына маек берди.

- Саламатсызбы, Мухтар мырза! Алгач эле өзүңүз тууралуу кененирээк айта кетсеңиз.

- Саламатчылык! Мен Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында туулгам. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз, агам бар. Атам 2020-жылы коронавирус илдетинен улам дүйнө салды. Атамдын да көзү көрбөйт эле. Апам учурда айылда, ал да жакшы көрө албайт.

Агам төрөлгөндөн кийин дарыгерлер апама кийинки баланы 7-8 жылдан кийин төрөшү керек экенин, болбосо майып болуп каларын айтышкан экен. Мен байкемден үч жылдан соң төрөлгөм. Менин көзүм 4-класска чейин бир аз көрчү, кийин такыр көрбөй калды. Мектепти да 4-класска чейин окудум. Анын да өзүнүн себеби бар. Мектепте окуп жүргөн кезде классташтарымдан артта калбайын деп дайыма сабактарга активдүү катышып, тырышып окучумун. Кийин жакындарымдан мага журналга баа койбостугун уккандан кийин мектепке барууну токтотуп салгам. Мындан улам досторумдан да алыстап, өз алдымча болуп калдым.

Кийин айыл эли мени интернатка барып, ошол жактан билим алуумду сунушташканда, апам кыйналат деп каршы чыгып, жөнөтпөй койгон. 14 жашка толгондо мен ушинтип эле жүрө беремби, кийин кантип жашап, кантип өзүмдү багам, бирөөгө муктаж болуп каламбы деген сыяктуу ойлор келип, сөзсүз окушум керек деп чечтим.

Ошентип апамдын каршы чыгуусуна карабай, Оштогу интернатка чалгам. Бирок кабыл албай коюшкан. Кийин тааныштарым аркылуу Бишкекте атайын көзү азиздер үчүн алты айлык курс бар экенин билип, ал жакка чалганымда 16 жаштан кабыл алабыз дешкен. Ошол номерди эки жыл бою мээме сактап, дайыма кайталап, унутпай 16 жашка чыкканымда чалгам. Башында мени тааныбай жатып, анан барып эстеп, келе берсең болот дешкен. Ошентип Бишкекке Борбордук Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) алты айлык курсуна окууга келип калгам.

- Шаарга бат эле көнүп кеттиңизби? Кандай кыйынчылыктарга учурадыңыз?

- Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Шаарга алгач келгенимде жанымда бир аз кийим жана 4 миң сом акча менен келгем. Анын 3 миң сомун тамак-аш үчүн курска берсем, калган 1000 сом менен жашачумун. Башында көнө албай, жадакалса дүкөндөргө баруудан коркуп, ачка калган күндөрүм болгон. Адашып кетем деп коркчумун. Ыйлаган күндөрүм болуп, айылга кетким келе баштады. Бирок мен айылдан кетип жатканда бардык жакындарыма окууга кетип жатам деп мактанып кеттим эле. Кайра барууга намысым чыдаган жок.

Окуган жеримде көчөдө жүргөндү, тамак жасаганды, компьютерди, окуганды, жазганды, тилди, айтор, өз алдынча жашоону үйрөткөн. Кыйналганыма карабай өжөрлүк менен үйрөнүп, бара-бара көнө баштадым. Аябай бат, жакшы өздөштүрүп кеттим. Кийин окууну аяктаганымда мага мугалим болууну сунушташты. Ошентип эки жарым жыл инструктор болуп иштеп, 20дан ашуун студентти бүтүрдүм. Мындан тышкары "Ийгилик академиясында" үч айга жакын тренер болдум.

- Учурда эмне менен алектенесиз?

- Азыркы учурда жеке ишкермин, өз алдымча иш жүргүзөм. Базарда байпак сатып, андан тышкары Орусия өлкөсүнүн Москва шаарына күрмөлөрдү жеткирүү кызматы менен алектенем. Тапканымды дайыма үйдөгүлөргө салып, жардамдашып турам. Базарда иштеп жүргөнүмдө кээ бирлери ишенишпей катуу айтышат, а кээ бирлери жардам берип, акча сунушат. Мен албайм, анткени өзүмдү бирөөгө муктаж, көз каранды сезгим келбейт. Акчаны кармап эле канча сом экенин билем. Компьютерди билгендиктен көп жерден жумушка чакырышып, сунуштар түшкөн. Ал жакта деле иштесем болот эле. Бирок мага базарда иштеп, элге шык (мотивация) берген жагат. Ал жактан ар кандай адамдарга жолугуп, психолог да болуп каласың.

- Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз? Эмнелерге кызыгасыз?

- Мен негизи спорт менен машыгам. Чуркайм, сууда сүзөм, велосипед тебем, боулинг ойнойм. Жалпылап айтканда, 30га жакын марафонго катышкам. Буга чейин көзү көргөндөр сыяктуу эле тоолордо, таштардын арасында чуркачумун. Жыгыласың, чалынасың, бирок тажрыйба топтойсуң. Мындан тышкары, дзюдо менен 3-4 ай машыгып көргөм. Эркек адамдар үчүн абдан керектүү спорт түрү деп ойлойм.

Бош убактымды дагы Брайл системасы менен китеп окуп өткөрөм. Аудио китептерди угам. Адабий жана криминал чөйрөсүндөгү китептерди окуганды жакшы көрөм. Китеп окуу менен жаңы маалымат алып, жаңылыктардан, мен теңдүү адамдардан калып калбасам дейм. Жумасына эки китепти толук окууга жетишем.

Билгениңиздердей, акыркы учурларда ырдоо менен алекмин, гитара чертем. Ырчы болуш максат эмес, ырдоо мен үчүн хобби. Өзүмө таандык ырларым бар. Жан дүйнөм каалагандыктан ырдайм.

- Эмнеден мотивация аласыз? Келечекке койгон максаттарыңыз кандай?

- Мотивацияны өлүмдөн жана жалкоо адамдардан алам. Жалкоо адамдардай болуп калбайын деп дайыма аракет кылам. Келечекке койгон максаттарым өтө чоң. Дайыма элдерге жардам бергим келет. Жеке эле Кыргыз өлкөсүнө эмес, дүйнөгө белгилүү жеке ишкер болуп, элдерге дем-күч, мотивация берүүнү кыялданам.

Көзүм көрбөсө да, көөдөнүм менен баарын сезип, билип турам. Көзсүз деле бактылуумун, бактылуу жашаса болот.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Ийгиликтерди каалайбыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Datka7777
2021-12-06 02:04:39
атасы да талантуу киши эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан