Токио Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова быйылкы жараткан ийгиликтери үчүн Бириккен күрөш дүйнөсүнөн (UWW) 7 миң доллар сыйлык алат. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингинде экинчи орунда тургандыгы үчүн жети миң доллар сый акы каралганы маалымдалган. Жуманазарова быйыл төрт мелдешке катышып, 114 упай топтоо менен рейтингде экинчи орунга жайгашкан. Мээрим Жуманазарова 4-декабрда "Москва гран-приси - Алроса Кубогу" мелдешинде жеңүүчү аталды. Ал орусиялык балбан кыз Ханум Велиева менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңишти камсыздаган.
Эскерте кетсек, эркин жана грек-рим күрөшүндөгүдөй эле кыз-келиндер күрөшүнүн мыктылары 10 миң доллар, экинчи орунду алган балбандар 7 миң доллар, үчүнчү орунду алган балбандар 3 миң доллар менен сыйланат. Айсулуу Тыныбекова быйылкы жараткан ийгиликтери үчүн Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму тарабынан 10 миң доллар сыйлык алары белгилүү болгон.