Бишкекке 3 миң сомдук көмүр эми темир жол аркылуу ташыла баштады

Бишкектеги Мурманская көчөсүндө жайгашкан көмүр базасына 3 миң сомдук 1200 тонна көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

"Бишкекке 3000 сомдук Кара-Кеченин көмүрү темир жол менен келе баштады. Азыр 1200 тонна көмүр келди, ал Мурманскаядагы кампага төгүлдү. Мындан ары чоң жүк ташуучу унаалар көмүрдү Балыкчы шаарындагы темир жолу бар базага чейин эле ташып, Балыкчыдан Бишкекке темир жол менен келе берет", - деп билдирди ал.

Буга чейин 16-ноябрда Бишкек шаарында бир тонна көмүр Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде 3 миң сомдон сатылып баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан