Акылбек Жапаров электромобилдердин ар кыл түрлөрүн көрүп, бирин сыноодон өткөрдү

Министрлер кабинети өлкөдө электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда. Бул туурасында Акылбек Жапаров электромобилдерди ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдиргенин мекемеден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысы транспорттун туруктуу түрүнө өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Биз электробустарды борборго коё берели деп пландап жатабыз. Биз үчүн өлкөдө электр транспортун көбөйтүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү артыкчылыктуу саналат. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоорунда жакынкы 3-5 жылга электромобилдерди ташып кирүүдө КНС төлөөдөн бошотуу каралышы керек. Биз жашыл экономикага багыт алуудабыз", - деди ал жана мамлекет башчы Глазго шаарындагы эл аралык климаттык форумда.

Ошондой эле жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилегендигин кошумчалады.

Акылбек Жапаров электромобилдердин ар кыл моделдерин көрүп чыгып, анын бирин сынап көрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, лизингге электромобилдерди берүү механизмдери, ошондой эле президенттин иш башкармалыгынын автопаркын транспорттун экологиялык түрү менен кайра жабдуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Taalaibek.
2021-12-04 19:46:57
Баасын арзан кылгыла, кымбат кылбай. Эмнеси болсо дагы жарым миллиондон ашырбагыла.
+4
odin-takoy
2021-12-04 22:32:43
Taalaibek.,жарым миллионго донгологу келеби. Ойлонуп жазсан бааны кор дуйнодо не болуп атканын
+2
emirchik
2021-12-04 19:58:34
Тетиктерин алып келип озубуздо кураштырсак арзан болот анан кридитьке бергиле эле 5 он жылга бат эле Электромобилге отушот элдер
+4
Omyke
2021-12-04 20:16:29
Сол рулга уруксат берсе эле болот Бир сыйра тазаланып калмак машиналар орустун чирригин ташыбай японядан прямой жаны экономичный автолор келет.
0
Isken90
2021-12-04 21:55:37
Акылбек Сыноодон откоргудой не озу ойлоп чыгарды беле.Акылбек Жапаров кантип Манаполия кылып алсам деп ойлонуп жатат.Ошондо через акылбек аркылуу алабызда
+4
Isken90
2021-12-04 21:56:28
Акылбек Жапаровдун тусун карасанар жейм деп турат
+5
Alinur96kg
2021-12-04 22:45:55
Isken90,ал шакалга привычка болуп калган жемей.100 долларга бир уй булоо бир ай жашаса болот деген ушул кемируучу жандык да.
+2
Isken90
2021-12-05 02:39:34
Alinur96kg,Бирок 100доларга Акылбек Шакалдын озун жашатыш керек. Ошондо билет Садыр жапаровда тузук деп журсом тандаган кадырын кара иштейм деген уул кыздарыбыз толтураго неге ошолорду койбоду кайра эле эски саясатчылар
+1
Samash-87
2021-12-04 22:10:44
Электромобилдерди алып келдик дейли,электроэнергия жетишсиз болуп жатса эмне от жагып зарятка коёбузбу,электромобилди коюп элге жетиштуу свет берип алгылачы
+6
NURSAPAR
2021-12-05 08:51:44
Samash-87,тезек бар, тезек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан