Бишкек мэриясы таштандыларды жер астында сактоо боюнча долбоорду ишке ашырууда

Бишкек мэриясы таштандыларды жер астында сактоо жана чогултуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, долбоорду ишке киргизүү боюнча тендер жарыяланды. Тендердик табыштамалар 2021-жылдын 17-декабрында саат 14:00гө чейин берилиши керек.

Бул иштер Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып жаткан «Бишкек шаарынын калдыктарын чыгарууну башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

"Заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзөт. Бул ыкманын аркасында шаар көчөлөрү дагы эстетикалык көрүнүшкө ээ болот. Ошондой эле таштанды контейнерлеринин жана аймактардын жанында тазалыкты жана тартипти түзүүгө өбөлгө түзөт, тамак-аш калдыктарынын чиришинен эч кандай жыт болбойт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kolyaa
2021-12-05 17:05:03
Омееей катуу кеттиңерго.

Өнүккөн мамлекет Россияда жок бул.

Миллиондорду таштандыга сарыптабай күн сайын алып турса жыттанбайт эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан