Бүгүн, 5-декабрь күнү Бишкек шаарында Советтер союзунун баатыры, генерал-майор Иван Васильевич Панфиловдун жаңыланган айкелинин ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жаңыланган айкел Улуу Ата Мекендик согушта Советтик армиянын душманга каршы чабуулга өткөнүнүн жана Москванын алдындагы салгылашуулардын 80 жылдыгына карата тургузулган.
Айкелдин ачылышына калаа мэри Айбек Жунушалиев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Екатеринбург шаарындагы өлкөнүн башкы консулу Руслан Бийбосунов, Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко, Орусиядагы Свердлов облусунун эл аралык жана ички экономикалык байланыштар боюнча министри Василий Козлов жана КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык жетекчилери катышты.
Митинг-реквиемдин катышуучулары тарыхый инсандын эстелигине гүл коюшуп, бир мүнөттүк тыныгуу менен Панфилов дивизиясынын жоокерлерин эскеришти.
Иван Васильевич Панфиловдун айкелинин формасы Свердлов облусу менен болгон эки тараптуу кызматташтыктын алкагында Орусиянын Екатеринбург шаарында колодон жасалып келинген. Эстеликтин бийиктиги 9 метрди түзөт.
Ал эми калаадагы И.В.Панфиловдун 1942-жылы орнотулган мурдагы айкели кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, Балыкчы шаарына учурунда Панфилов дивизиясы турган жерге коюлду.