Араванда фокус көрсөтөм деп 12 жашар жээнин өлтүрүп алган өспүрүмгө сот өкүм чыгарды

Араванда фокус көрсөтөм деп 12 жашар жээнин өлтүрүп алган 16 жашар өспүрүмгө өкүм чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз катчысы SUPER.KG порталына билдирди.

"16 жашар Ю.А. Араван райондук соттун чечими менен 12 жылга эркинен ажыратылган. Кошумча 900 миң сом айып пул салынып, жабырлануучу тарапка моралдык жана материалдык чыгым өндүрүлдү. Айыпталуучу "өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук" жана "өтө мыкаачылык менен киши өлтүрүү" беренелери боюнча соттолду. Каза болгон бала 12 жашта болчу. Сот өкүм чыгарарда айыпталуучунун жашын жана экөөнүн туугандык байланышын эске алды", - деди басма сөз катчы.

Окуянын чоо-жайы:

25-июнда Араван райондук ооруканасына 55 жаштагы таякеси асынып алды деп 12 жаштагы баланы алып келип, бирок дарыгерлер анын каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлашкан.

Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө баланын киши колдуу каза болгону такталып, кылмышты жасаган шектүү изделип баштаган.

27-июнь күнү баланы өлтүргөн деген шек менен 16 жаштагы Ю.А. аттуу өспүрүм бала кармалганын, ал маркумдун жээни экендиги маалым болгон. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө маркумдун жашаган үйүнөн жалпы суммасы 900 миң сомго жакын накталай акча жоголгондугу аныкталган. Шектүү ал акчаны Араван районунун Юсупова айыл аймагынан Ак-Сарай айылындагы бактын ичине каткан.

Милиция шектүүнү суракка алган учурда, ал 25-июнь күнү Юсупова айыл аймагындагы үйдөн тууганынын акчасын уурдап жатканда бала көрүп калгандыктан, кылмышты жашыруу үчүн аны өлтүргөндүгүн толугу менен моюнга алган.

SUPER.KG порталы Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Шукирилло Файзуллаевге байланышканда, 12 жаштагы баланын ата-энеси Бишкекке иштегени кеткенин, ал айылда чоң ата, чоң энеси менен жашап келгенин айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bayern-munchen
2021-12-05 17:51:51
Жигарлар окшойт
+5
EddieNigma
2021-12-05 17:57:40
Джокерди кайталайм дегенго)))
+2
juka82
2021-12-05 20:41:48
Кандай фокус
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан