Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү баш калкалоо үчүн Лукашенкого 1 миллион 600 миң доллар бергени айтылды

Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Беларусь өлкөсүндө баш калкалоо үчүн президент Александр Лукашенкого кеминде 1 миллион 600 миң доллар өлчөмүндө каражат берген. Бул тууралуу BYPOL демилгесин иликтеп чыккан авторлор билдиришкендигин ачык булактар жазып чыгышты.

BYPOL - өлкөнүн мурдагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан түзүлгөн жана азыркы Беларусь бийлигине каршы аракеттенген, өлкө башчы Александр Лукашенконун легитимдүүлүгүн тааныбаган атайын күчтөрдүн бирикмеси.

Алар мамлекет башчысына (ред.; Александр Лукашенкого) пара берген бир канча адамдардын аттарын аташкан. Алардын арасында Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президентинин уулу Максим Бакиевдин жубайы Айжан Кененбаеванын да аты аталганы белгилүү болду.

Иликтөөдө алар көп суммадагы акча каражатын Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн Беларусь өлкөсүндө баш калкалоосу жана камкордукка алынуусу үчүн берген. Ошондой эле "Расмий Минск Бишкектин кылмышкерлерди өткөрүп берүү өтүнүчүнөн дайыма баш тартып келгендиги үчүн" деп жазышкан иликтөөнүн авторлору.

Андагы маалыматтарга караганда, Бакиевдердин арты менен Лукашенконун автопаркында баасы 1 миллион 400 миң еврону чапчыган Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard үлгүсүндөгү автоунаа пайда болгон.

Иликтөөчүлөр аталган унаанын брондолгон катмарын автомат огу тешип өтө албастыгын жана 15 килограммдык тротил жардырса да зыян келбеген өтө кымбат унаа экендигин белгилешкен.

Мындан тышкары Максим Бакиевдин жубайы тарабынан президентке баасы 26 миң 500 долларды түзгөн 2018-жылкы Harley-Davidson үлгүсүндөгү мотоцикл тапшырылганы да маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Belek1710
2021-12-05 17:19:06
1,6млн президентке эмне деген акча, болбогон эле ушак да.
+11
anash
2021-12-05 17:58:26
Мен да ушул жерге бир деме жаза кетейин эки достун ошко койгон мээри промзонада тайрандап эс алып журот клуб тунку кантип уялбай барды билбейм азыркы мэри Алмаз эми буну коруп мен аябай уялдым дагы ошого ошту ишенип берип койгонун айтор уят президент караш кк
+16
Tursunbaev1978
2021-12-05 18:21:21
anash,жакында дагы бирөөнүн көкүрөгүн кармап хит болот экенда))))
+15
baisogur
2021-12-05 19:55:04
anash,бул ушака ишенбегиле азыр караламай боттор кобойду так маалымат болсо ишенгиле
-9
Antiradikal10
2021-12-05 20:30:35
baisogur, ушак болсо ушак экенин далилде... Сен ушак деп танганын менен, ошол тунку клубга баргандар сенден жакшы билет, ушак же чын экенин.......
+2
algakaray
2021-12-05 18:58:04
Ошого мен да каршымын Ошко Ош жактан чыккан азаматтардан койсо болмок. Хотя Алмаз менин жердешим бирок каршымын
+9
EddieNigma
2021-12-05 19:24:14
algakaray,Бишкекке болсо бишкектиктерди, а?
+2
Gold81
2021-12-05 19:46:39
algakaray,Ана кыргыз, болун кыргыз. Эч бирикпегиле тундук-туштук, Ошко оштук, Бишкеке-бишкектик анан уруу-уруу, анан партия-партия. Дагы канча болуко болуносунор!!! Болунуп жок болгула. Ошон учун онукпойбуз. Ушундайды коруп укканда Кыргызстандын онугуп орчушуно кымындай умутум калбайт. Качан болунбой мен Кыргызмын деп онугобуз туугандар???????
+12
VENOM
2021-12-05 20:07:18
algakaray,мээн дурайын трайбалист Ошту өзүнчө бөлүп мамлекет кылып ал анда
0
shankol88
2021-12-05 19:48:28
Мелисти ошко кайра мер кылып койсо жакшы болот еле...
+6
Antiradikal10
2021-12-05 20:32:14
Тундугу болобу туштугу болобу иштей турганын кою керек. Тилекке каршы Камчы менен Садырдын бут кадрлары оздоруно окшоп аферист, жегичтер... Ошко койгон мэри да, Бишкекке койгон мэри да кыйраткан жери жок......
+7
Isken90
2021-12-05 21:44:28
Садырда Нуркожоевичта кадр тандаштан адашты Бишкеке Нариман Тюлев Ошко Мелис Мырзакматовду мэр кылыш керек болчу премерь министирди Адахан Кимсанбаевичти кылыш керек болчу
+2
Mister-XXX
2021-12-07 02:53:18
Isken90,А.Мадумаров бир гана президенттикке барат.Башка иш берсе атам десен да барбайт.
0
Kolyaa
2021-12-05 21:45:09
Лукашенконун душмандары каралап жататда.

Биздеда болуп атпайбы күнөөсү жок адамды каралоо үчүн жалааны-жаап айыптуу кылып.

Эл деген ишене берет экенда!!!
0
nurgaz
2021-12-05 21:45:45
Бакиев жакшы иштеди. Бакиев эркек
0
ShaKe11
2021-12-05 23:14:16
Бул Лукашенконун темасыго эки досту эмне аралаштырып жаттасынар эч тийешеси жок бул темага
-1
bond02
2021-12-05 23:50:54
Лукашенкону Бакиев аркылуу каралайлы деген го.
+2
Toxa76
2021-12-06 08:37:44
Навальный спящий сойку да
-1
Globalnews
2021-12-06 09:24:47
айтпаса деле айдан ачык нерсе эмеспи Батькага асмандагы сумманы берип тируу калышкандары. Кайран кыргыз эли ырыскысын алдырып унчукпай конушту
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан