Кара-Сууда шаардык кеңештин депутаттыгына болгон шайлоонун жыйынтыгы чыкты

28-ноябрда Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу шаары боюнча жалпы шайлоочулардын саны 12 265 болсо, анын ичинен 3 657 шайлоочу катышып, 29,82 пайызды түзгөн. Аталган аймакта 6 шайлоо участкасы түзүлгөн.

"28-октябрында Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 2 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды. 4-декабрда Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын аныктады.

Кара-Суу шаардык кеңешинде 31 мандат бар. Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде 7 пайыздык тосмодон өткөн эки партия катталган.

Алар:

«Биздин Кыргызстан» партиясы 2102 добуш менен 20 мандатка,

«Эл Үмүтү» партиясы 1110 добуш алуу менен 11 мандатка ээ болду", - деп айтылат маалыматта.

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча даттануулар жана арыздар түшкөн жоктугу кошумчаланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal10
2021-12-05 19:41:57
Бийликтегилер менен олигархтар кечээ партия каттап, бугун партиясы шайлоолордо женип чыгып жатат, эл тушунуп буткучо...

"Биздин Кыргызстан" эми кимдики болду? Матраимовдордукубу?

"Эл Умуту" ханайымынардыкы деп айтылып журот. Айтып келемин го, мунунар экинчи Майрам Акаева болгусу келет деп...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан