Жаңы кодекске ылайык, жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуга арзандатуусу жок 5500 сом, ал эми качып кеткен айдоочуга 10 миң сом айып салынат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугунун кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашат.
Жол кыймылынын эрежелерин бузууда эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү менен айып пул салына баштайт. Мисалы эреже бузуулар төмөнкү көрсөткүчтөн баштап көрсөтүлүп, кылмыштар жогорку эсеп менен өлчөнөт.
1. Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузуу – эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө – 1000 сом айып пул салууга алып келет.
2. Транспорт каражатынын, жүктүн, унаа жолдун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулушуна алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуу – жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч менен 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынат.
3. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол кыймылынын эрежелерин бузуу - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч менен 10 000 сом айып пул салынат.
4. Аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болгондо жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен жол-транспорт кырсыгынын катышуучусу болуп саналган айдоочу кырсык болгон жерден кетип калса, жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч менен 10 000 сом төлөшөт.
Эгерде жол-транспорт кырсыгынын катышуучусу милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык, кырсык жөнүндө биргелешип кабарлаган шартта, транспорт каражатынын бузулуусуна алып келген бул беренеде каралган жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.