Ошто турак үйдөн чыккан өрт коңшу көчөдөгү үйгө да жайылды

Ошто бир үйдөн чыккан өрт башка көчөдөгү үйгө өтүп кетти. Тилсиз жоо 5-декабрда саат 23:21 чамасында катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Өзгөн көчөсүндөгү турак үйдүн 15 чарчы метр чатыры жана 20 чарчы метр эки бөлмөсү күйгөн.
"Кырсыктын кесепетинен өрт Пахта көчөсүндөгү турак үйгө өтүп, чатыры күйдү. Өрт саат 23:39да чектөөгө алынып, 6-декабрга караган түнү саат 00:30да толугу менен өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылды, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дешти маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-12-06 10:44:41
Теманы окуп оңдоп койсо болот беле???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан