Ырчы Анжелика Кайратова борбор калаабыз Бишкектеги тойканалардын биринде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Анда шоу-бизнес өкүлдөрү келип, бөбөктөрдү кубанычка бөлөштү. Иш-чарага жети дубандан 500гө жакын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышты.
"Мындан 15 жыл мурда мен бул жакка ырчы катары келип жүрсөм, эми мынтип 5 жылдан бери бул кайрымдуулукту өзүм өткөрүп келе жатам. Жоопкерчилик аябагандай чоң. Ар бир түшкөн акчанын кайсы жакка кетип жаткандыгын так көрсөткөн, алып жаткан дары-дармек болобу же буюм болобу бардыгынын дүмүрчөктөрү бар. Жакында эле 1001 роза гүлдү белекке алдым, аны дагы кайрымдуулукка жумшадым", - дейт Анжелика Кайратова.
Репортажды толугу менен видеодон көрүңүз.