20-декабрдан тарта Екатеринбургдан Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан Тамчы айылына аба каттам апта сайын уча баштайт. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 20-декабрдан тарта Екатеринбургдан Тамчыга дүйшөмбү сайын, Тамчыдан Екатеринбургга ар шейшембиде учак каттайт.
Аба каттамдар Airbus A320 учагы менен аткарылат. Учуу убактысы үч сааттан бир аз ашат деп маалымдалат.