Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз өлкөсүндөгү Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Казакстанга алдыдагы жумушчу сапарын уюштуруу маселеси, ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланган.
"Кыргыз өлкөсүндөгү Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев белгилегендей, министрлер кабинетинин төрагасынын жумушчу сапарын жогорку уюшкандык деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.
Анын айтымында, мурда жетишилген келишимдердин алкагында казак инвестицияларын тартуу менен индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча иштер аткарылууда. Жакынкы арада инвесторлордун Кыргыз өлкөсүнө келүүсү күтүлүүдө", - деп жазылган маалыматта.