Сейрек кездешүүчү кан оорусуна кабылган 8 жаштагы Али Рустамовдун апасы кайрымдуу элден жардам сурап кайрылат. "Мындай оору бар экенин билчү эмесмин, диагнозун укканда жер көчүп кеткендей болду" деп ыйлаган Бишкектин 34 жаштагы тургуну Күлүм Курманова менен маектештик.
"Мен мындай оору бар экенин билчү эмесмин, уулум тентек, айтканын бербеген бала болчу, анан акыркы убакта көчөгө көп чыкпай, балдарга көп кошулбай калды. Ичимден ойлоп койдум, ии, балам эмне токтолуп жаткан го деп. Ошентип көп өтпөй эле уулум стоматит болуп калды, көрсө, бул оорунун алгачкы белгиси экен", - дейт Күлүм Курманова.
19-декабрда Спорт ордосунда жылдыздардын катышуусунда кайрымдуулук концерти өткөрүлөт. Чогулган каражат Алинин операциясына жумшалмакчы.