"Антошка" тез тамактануучу жайдагы өлүм: Кожоюн ишкерлик кылуу укугунан ажырады

2019-жылы “Антошка” коомдук тамактануу жайындагы жарылуу жана өрт боюнча соттук териштирүү аяктады. Бул тууралуу Жогорку Соттун сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 58 жаштагы К.А. газ баллондорун уруксатсыз иштеткен деп айыпталган. Жардыруу учурундагы шалаакылыктын жана одоно эреже бузуунун кесепетинен 21 жаштагы кафенин кызматкери С.к.А. каза болуп, бир катар кызматкерлер ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.

Сотто келтирилген зыяндын ордун толук төлөп, дарыланууга кеткен чыгымды төлөп бергендиктен, айыпталуучу менен тараптар жарашканын билдирген. Мурдагы эки кызматкер гана компенсация алган эмес. Сотто К.А. күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, бардык жабырлануучуларга жардам бергенин айткан. Сот иштин материалдары менен таанышып чыккандан кийин, К.А. күнөөлүү деп табылып, коомдук тамактануу тармагында ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 2 жарым жылга эркинен ажыратылган. Бирок ага 1 жылга пробациялык көзөмөл киргизилген. Ошондой эле андан моралдык чыгым катары эки жабырлануучу тарапка 50 миң сом өндүрүлгөн.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 8-ноябрында Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги "Антошка" тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 1998-жылы туулган жумушчу каза болуп, 15ке жакын адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан