Жергиликтүү басылмалар "Кара-Кече" көмүр кенинен айдоочуларга көмүр жүктөөгө тыюу салынганын жазып чыгышты.
Анда көмүрдүн тоннасын 3 миң сомдон сатып жаткандарга гана көмүр берилип жаткандыгы жазылган.
Бул боюнча "Кыргыз көмүр" ишканасынын басма сөз кызматына байланышканыбызда, учурда тазалоо иштери жүрүп жаткандыгын, беш күн же бир аптанын ичинде көмүр берилерин билдиришти.