Бул жылы экологиялык себептерден улам Жаңы жыл үчүн салттуу майрамдык фейерверктен баш тартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Борбор калаада абанын булганышы эң жогорку чекке жеткендиги белгилүү. Буга байланыштуу мэрия экологиялык абалды мындан ары начарлатпоо себеби менен Жаңы жыл түнүндөгү майрамдык салюттан баш тартты.
Фейерверктер атылгандан соң жыл сайын жыш түтүндүн көрүнүшү байкалат. Фейерверктерге коротулчу 800 миң сом маанилүү жана максаттуу милдеттерге жумшалат", - деп билдиришти мэриядан.