Президент Садыр Жапаров "Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактанууга чыгымдардын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Эске салсак, тийиштүү тапшырманы мамлекет башчысы ушул жылдын 3-декабрында Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылындагы Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барганда берген.
Ошентип социалдык чөйрөнүн мекемелеринде жашаган ата-энесинин көзөмөлү жок балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын жана адамдардын, улгайган жарандардын тамактануусунун сапатын көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
1) 2022-жылдын 1-январынан баштап төмөнкүлөрдүн тамактанууга акчалай ченемин 100 пайызга көбөйтсүн:
— Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мекемелериндеги балдардын, улгайган жарандардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын;
— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелериндеги жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлү жок балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын;
— Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистештирилген реабилитациялоо борборлорундагы (балдар үйлөрүндөгү) балдардын;
2) Ушул жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын тапсын жана бөлүп берсин;
3) Өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.