900 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Электр энергиясына болгон карыздарды эсептен чыгарган коррупциялык схема аныкталды

Башкы прокуратура тарабынан электр энергиясына болгон карыздарды эсептен мыйзамсыз чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, мамлекеттик "Ош электр", "Жалал-Абад электр", "Чыгыш электр" жана "Түндүк электр" ишканалары менен ыйгарым укуктуу органдарынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам 2016-2020-жылдар аралыгында жалпы 897 миллион 288 миң 500 сомдук электр энергиясына болгон карыздар мыйзамсыз түрдө эсептен чыгарылып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Анда жооптуу кызматкерлер аты-жөнү такталбаган, аталган даректе жашабаган же көрсөтүлгөн дареги такыр жок болгон абоненттерди карызкорлордун тизмесине атайылап кошуп, алардан өндүрүүгө мүмкүн эмес деген негизде карыздарды эсептен чыгарып келишкен.
"Жогоруда аталган мекемелер тарабынан абоненттердин карыздарын сот тартибинде өндүрүп алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөй, карыздардын орду толтурулган эмес. Айрым учурларда сотко доо арыздар берилип, бирок соттун карыздарды өндүрүүгө мүмкүн эмес деген мыйзамсыз чечимдерине таянып, аткаруучулар негизсиз түрдө карыздарды эсептен бошотуп жиберишкен.
Башкы прокуратура тарабынан жооптуу кызматкерлердин кыймыл-аракеттерине баа берүү жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү максатында коррупция беренеси менен 4 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан