Жумгал райондук соту өз кызын эки жылдан бери зордуктап жүргөн деген шек менен кармалган 54 жаштагы тургунду 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу райондук соттон SUPER.KG порталына маалымдашты.
"Соттун чечимине ылайык, айыпталуучу 161-берене менен 15 жылга соттолуп, аталык укуктан ажыратылды. Ал ушул жылдын сентябрь айында өз кызын зордуктаганга шектелип кармалган. Айыпталуучу мурда аялынын өлүмүнө айыпталып, соттолуп чыккан. 2010-жылы абакка кесилген. Сот аны 16 жылга эркинен ажыраткан. 2018-жылы пробацияга илинип эркиндикке чыккан", - деп айтылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайы
Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда 54 жаштагы тургун өзүнүн 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн Нарын ОИИБи кабарлаган. Жумгал РИИБи аталган райондун тургуну 1967-жылы туулган С.Т. узак убакыттан бери өзүнүн 2008-жылы туулган кызы Т.Р`ны мажбурлап жыныстык катнашта болуп жүргөндүгү боюнча маалымат алган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү С.Т. суракка алынып, көрсөтмөгө ылайык, ал кызы менен 2021-жылдын июль айында 1 жолу жыныстык катнашта болгондугун, буга чейин сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерин жасагандыгын көрсөткөн. Ал эми өспүрүм кыз атасы менен 2 жылдан бери жыныстык катнашта болуп келгендигин билдирген.