Казакстанда Касым Тыныстанов менен Жусуп Абдрахмановдун мааракеси белгиленди

3-декабрда Алматы шаарында казак-кыргыз достугунун үлгүсү болгон белгилүү акын Жамбыл Жабаевдин 175, кыргыз элинин чыгаан уулдары Жусуп Абдрахманов менен Касым Тыныстановдун 120 жылдык мааракелерине арналган конференция өттү. Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиянын Кыргыз мамлекетиндеги өкүлү Нурдин Усеев SUPER.KG порталына кабарлады.

"Иш-чарага Казакстандын бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, Кыргыз жергесинен мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана башка эки мамлекеттин интеллигенция өкүлдөрү, белгилүү окумуштуулар катышты. Конференциянын жүрүшүндө казак жана кыргыз окумуштуулары, мамлекеттик ишмерлери Жусуп Абдрахманов менен Касым Тыныстановдун ишмердиктери, эмгектери жана ХХ кылымдын башындагы казак-кыргыз интеллигенциясы тууралуу илимий баяндамалар окулду. Иш-чара Эл аралык Түрк академиясы тарабынан уюштурулду. Конференцияны Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали алып барды", - деди Нурдин Усеев.

Эскерте кетсек, Эл аралык Түрк академиясы - Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мамлекеттеринин расмий орток илимий, маданий академиясы. Аталган мамлекеттердин илимине, түрк дүйнөсүнүн биримдигине, өнүгүп-өсүшүнө кызмат кылган эл аралык уюм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан