Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери бир сутка ичинде терезелерин атайын караңгылатып алган 20 унааны аныктап, 110 миң сомго айып салды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери атайын профилактикалык иш-чара жүргүзүп, жума күнү сутка ичинде терезелерин атайын караңгылаткан 20 унааны аныктап, укук бузуулар тууралуу кодекске ылайык тийиштүү протоколдор толтурулуп, жалпы суммасы 110 миң сомдук айып салынды.
Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында мындай иш-чараларды улантарын белгилешти. Унаасынын астыңкы жана каптал терезелери караңгылатып алып жүргөндөргө 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынарын эскертүүдө.