
Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастанбек Жумабековдун өткөн жылдагы кирешеси 835 миң 777 сомду түздү. Мындай маалымат Салык кызматынын декларациясында көрсөтүлөт.
Андагы маалыматта Дастанбек Жумабековдун аянты 59,4 чарчы метр болгон батири, "Артисбек ата балдары" чарбалык субъектисинде 14 пайыздык үлүшү бар экени белгиленет. Ошондой эле эмеректер, фото, аудио, видео техникалары, компьютерлери, андан тышкары малы, жылкылары бар экени көрсөтүлөт.
Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.