Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы №475 “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду.
Алсак, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамынан төмөнкүлөр чыгарылды:
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору - Айтен Рустамова;
- Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси - Габриэла Геллил;
- Швейцариянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси - Оливье Бангертер;
- АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин «Укук булагы» долбоорунун директору - Фред Хьюстон -.
Мамлекет башчысынын жарлыгы менен антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамына төмөнкүлөр киргизилди:
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич;
- Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри – Догоев Дастан Давлетович;
- Кыргыз Республикасынын энергетика министри – Бекмурзаев Доскул Джумагулович;
- Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри – Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович;
- Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы – Новиков Артём Эдуардович;
- Евразия өнүктүрүү банкынын директору – Акматов Нурлан Орозбаевич.