Биз социалдык тармакта

"Түндүк электр" ишканасы карызы бар 5,6 миңден ашуун абоненттин электр жарыгын аралыктан өчүрөт

"Түндүк электр" ишканасы электр энергиясына карызы бар 5,6 миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүң, 7-декабрда электр энергиясына карызы бар 5,6 миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Жалпы дебитордук карыз 12,3 миллион сомду түзгөн.

"Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экендиги тууралуу маалыматты "Түндүк электр" ААКсынын расмий сайтынан же күнү-түнү иштеген Call-борборунан (1209) алса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан