УКМК Акбөкөн Таштанбековдун кармалышы боюнча билдирүү таратты

УКМК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирип жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

"2021-жылдын 6-декабрында БШК Акбөкөн Таштанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу") боюнча Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.
Ошол эле күнү Акбөкөн Таштанбеков айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин SUPER.KG порталына өздүк булактар Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.

Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого №30 Ысык-Ата шайлоо округунан катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан