Лазат Нуркожоева президентти туулган күнү менен куттуктап, "эл атасы, журт башчысы" деп атады

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун карындашы, “Кыргызстан сулуусу-2020” сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу президентти эл атасы деп атап, туулган күнү менен куттуктады.

"Урматтуу эл атасы, журт башчысы Садыр Нуркожоевич, туулган күнүңүз кут болсун! Сиздин ден соолугуңуздун бекем, элибиз үчүн ар бир жасаган кадамыңыздын нык, баскан жолуңуздун байсалдуу, иштериңиздин ийгиликтүү болушун чын жүрөгүбүздөн Кудайдан тилейбиз.

Сизди баарыбыз абдан сыйлоо менен бирге жакшы көрөбүз. Дайыма сиз менен сыймыктанабыз. Туулган күнүңүз куттуу болсун, ата!", - деп жазган Нуркожоева.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында төрөлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Dembele84
2021-12-07 11:27:09
Аа эми
+4
orun
2021-12-07 12:19:15
Dembele84, өтө кыска, бирок маани маңызы өтө терең комментарий болуптур. Кыска бирок нуска деп коёт беле))
-1
Datka7777
2021-12-07 12:33:37
Dembele84,а шу да
0
bond02
2021-12-07 11:34:37
Аа шу.
-2
orun
2021-12-07 12:17:32
bond02,бул төрт тамганын ичинде аябай терең маани жатса керек ээ?
-5
bond02
2021-12-07 13:39:38
orun,шо.
-3
ayzhan12
2021-12-07 12:25:06
Журт атасы деп кобунчо авторитардык, тираниялык олкодо аташат
+3
talas0707
2021-12-07 12:36:16
Мас болбош керек. Бат эле ээсине келтирип койот кыргыз.
+6
Antiradikal10
2021-12-07 13:28:16
Кечээ эле эч ким болчу бул кыз. Эми авасы президент болгон сон сулуулук салондорунун, кафе-ресторандардын кожоюндары эле эмес, беделдуу чиновниктерге чейин кошомат кылып, Жапаровдун кызы деп алды артынан отуп турганына жылдыз оорусу менен ооруп калды окшойт... Бирок бул туштун да аягы болот. Жапаров вечно такта болбойт. Эгер авасы Садыр Акаев, Бакиевдин артынан качса же Атамбаевдин жанына барса, туштун буткону ошол... Бул кетиште ошол 2 сценарийдин бири болот али.
+3
ErkinOkenovich
2021-12-07 18:02:33
Antiradikal10,ээ тобо ай канчык сенин журогун барбы же опкон бойрогун элеби?сенде журок боор деген жок окшойт. Ичиндин баары бок окшойт.мынча жашоого нааразы болгон канчыкты биринчи корушум тобо кылдым
-4
Antiradikal10
2021-12-07 13:32:45
Элдин-журттун атынан суйлобой, озунун атынан суйлосун. Ошончо тили кычышса "дакансалардын" атасы десин. Элден-журттан айланып кеткиле, аван экоон. "Китайский лампичке" аван бийликке келгенден бери свет очуп, комур кымбаттап, Бакиев убагына кайтып тезек жаккандар бар. Олкодо иш таппай четке чыгып жаткандар ошончо. Кунуно Ош менен Бишкектен бир канча мин мекендешибиз самолеттор менен тышка кетет. Мигрант болуп. Олкодо кымбатчылык, жумушсуздук болсо, бийликтин жузу бул болсо
-1
EddieNigma
2021-12-07 13:43:07
Коммунисттер жолдо калыптырго))) Бул айымга сразу 10 депутаттык мандат!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан