Бишкек шаарында 4-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 33 жаштагы Уланбек Токтогулов табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Уланбек Токтогулов шаарга унаасын сатканы келип, ошол боюнча дайынсыз болуп жаткан. Ал бүгүн, 7-декабрда үйүнө барган. Анын уюлдук телефону иштебей, дайынын билдире албай калган.
Буга чейин Коомдук коопсуздук кеңеши Уланбек Токтогуловго издөө жарыялаган.