Өзбекстанда орусиялык TikTok жылдыздары катышкан фестивалга тыюу салынды

Өзбекстандын Маданият министрлиги орусиялык белгилүү блогерлердин катышуусунда Ташкентте "TikTok Fest" фестивалын өткөрүүгө каршы чыкты. Концерт буга чейин токтотулган. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Маданият министрлиги фестиваль "социалдык тармактарда сын-пикирлерди жаратканына" шилтеме кылган. Министрликтин өкүлдөрү концертти өткөрүү “жаштардын аң-сезимине, дүйнө таанымына терс таасирин тийгизет” жана өзбек элинин “улуттук менталитетине туура келбейт” деп белгилешкен. Бул билдирүүдөн кийин фестивалга билеттер сатылган баракчалар ачылбай калган.

Концертке орусиялык белгилүү тик-токерлер Даня Милохин, Артур Бабич, Егор Шипа, Анет Сай, Ваня Дмитриенко жана Аня Покровдун катышуусу күтүлүп жаткан. Фестиваль 25-декабрда Борбор Азиядагы эң чоң муз аянтчасында өтмөк. Арена 12 миң 500 кишиге ылайыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Eka.kg
2021-12-07 13:02:19
Жакшы кылыптыр
+3
Eka.kg
2021-12-07 13:02:50
Тиктоктогу кээ бир блогерлердин пайдасынан зыяны көп.
+3
alimbek94
2021-12-07 13:10:24
Эми Орус бийлиги улуттук менталитетке туура келбейт деген жүйө менен Россияда өзбектердин бизнестерин, кофелерин, иш чараларын, мигранттарын тыйып салгыла. Мен колдойм. Россиияда өзбектериң ээн эркин кофелерин иштептип, мас болуп алышып, ырдап тайрандап жүрүшөт. Орустар менталитет дебей эле унчукпай жүрүшөт. Эки элдин иш аракети светтик маданий иш чара аркылуу ишке ашат.
-2
bekhaliev
2021-12-07 13:58:18
alimbek94,котуно Бир Уруп суйлойберет экенсин
+4
CAPATAH
2021-12-07 14:51:31
alimbek94,кыргыздын ЭРКЕКТЕРИ кырылып, сага окшош кул мүнөз,жалтанчаактары калган замандын бир үлгүсү ушул.
+3
Mister-XXX
2021-12-08 00:53:55
alimbek94,Иним сен чоңойчу анан коментарий жазасын.Эшикке чыгып келип укта.Сага ким койду чоңдордун ишине аралашканды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан