Ысык-Көл облусунун аймагында 4 күн аралыгында жүргүзүлгөн рейдде тилемчилик кылып жүргөн 8 бала аныкталды. Андан тышкары түнкүсүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр белгилүү болду.
Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, 3-6-декабрь күндөрү "Өспүрүм" аталышындагы комплекстүү иш-чарасы өтүп, анда 400гө жакын милиция кызматкери, 200дөн ашык тийиштүү мамлекеттик органдарынын жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
"Төрт күндүк иш-чаранын жүрүшүндө түнкү саат 22:00дөн кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 55 өспүрүм, ар кандай жумушта иштеген 49 жана тилемчилик менен алектенген 8 бала аныкталды. Бардык балдар ички иштер бөлүмдөрүнө алып келинип, ата-энелери да чакырылып, жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин үйлөрүнө коё берилди. Андан тышкары милиция кызматкерлери тарабынан оор турмуштук абалдагы 5 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 1-декабрдан баштап укук бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө кирип, анда жеке жана юридикалык тараптарга жоопкерчиликтер каралган. Башкача айтканда, аталган кодекстин 74-беренесине ылайык, балдардын тыюу салынган же чектелген жерлерде болуусуна (ата-энесинин, аларды алмаштыруучу адамдардын, ошондой эле тиешелүү объекттердин ээлеринин) уруксат берүүсү, жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.