
Бишкектин Ак-Өргө жаңы конушунда жолдорго шагыл төгүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, учурда Камбаркан, Бекет, Аймончок көчөлөрүнө шагыл төгүлүүдө. Анын жалпы узундугу 830 метрди түзөт.
"Ишти 2021-жылдын декабрынын аягында бүтүрүү пландалууда. Бишкек шаарынын мэриясы жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууну улантууда", - деп жазылат маалыматта.