"Коомдук мекемелердин жанында". Бишкекте дагы бир сейил бак ачылды

Борбор калаадагы Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сейил бак ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мэриядан билдиришкендей, кичи эс алуу аймагы турак жай имараттарынын жана коомдук мекемелердин жанында жайгашкан.

"Ыңгайлуу жайгашкандыктан шаардыктар эс алуу убактысын үйдүн жанында өткөрө алышат, ал эми балдарга аянтчада ойногонго шарт түзүлөт.

Сейил бакта отургучтар, көптөгөн турниктер жана машыгуу жабдуулары бар. Айланасы тосмо менен тосулган", - дешти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан