SUPER.KG порталына учурда Тажикстанда кармалып турган Кыргыз жараны Айдарбек Хайдаровдун эжеси Лутфинса Хайдарова кайрылды. Ал инисин Кыргыз өлкөсүнө өткөрүп алууда бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурады.
Хайдарованын айтымына караганда, иниси Айдарбек 24 жашта, ал кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лейлек районундагы Сада айылындагы чоң ата, чоң энесине барган учурда, тагыраагы 21-октябрда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген жүйө менен кармалып калган.
"Ата-энем кыргыз, Тажикстандын жарандыгын алышкан. Атам 70 жашта, инсульт алган, жакшы сүйлөй албайт "балам качан келет?" деп күтүп жатат. Апам 65 жашта. Биз 6 бир тууганбыз. Баарыбыз Кыргыз жарандыгын алып, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жашайбыз. Атам менен апам гана Тажикстандын аймагында турушат. Алар деле үйдү сатып, өлкөбүзгө кайтып келишмек. Иним Айдарбек (ред.; бир тууган агасы Умарбай Хайдаровдун уулу) Максат айылында туугандарымдын үйлөрүндө жашап жүргөн. Иним ата-энемдин анча-мынча керек-жарагын жеткирип турчу.
Чек ара чыры орун алганга чейин баары жакшы карым-катыш менен жашап келишкен.
Иним ата-энеме барган учурда апам пенсия алганы барып калат. Анан ал жактан "канча балаңыз бар?" деп сураганда, апам ойлонбой эле "7 балам бар" (ред.; 6 баласы бар, небереси Айдарбекти 3 айында багып алган) деп айтат. "Документ боюнча 6 балаңыз бар экен. Дагы бирөө ким?" деп калышат. "Эң кичинекей балам Айдарбек, ал кыргыз" деп айткан. Ошондон улам инимди күч органдары кармап кетишкен.
Айдарбектин соттук отуруму болуп өттү. Ата-энем барып катышып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылды деп айтышты. Эми анын иши облустук сотко өткөрүлүп, ошол жактан каралат дешиптир. Алар кан басымы көтөрүлүп, жаман акыбалда болуп жатышат.
Кыргыз бийлиги тараптан маселе чечилет, карап жатабыз деп гана айтышат. Бирок жыйынтык жок.
Президент Садыр Жапаровдон инимди тез арада чыгарып беришин суранат элем. Ата-энебизге кабатыр болуп жатабыз", - деп кайрылды Хайдарова.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында апрель айында чыр чыккан. Тажиктердин кол салуусунан Кыргыз өлкөсүнүн 36 жараны каза болуп, 180ден ашууну жаракат алган. Жаңжалда чек ара айылдарынан жалпысынан 40 миң 649 жашоочу эвакуацияланган.