Ош облусунун Кара-Суу районунда 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталганы кабарланган. Кырсыктын кесепетинен дагы 2 жаран жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилгени Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан белгилүү болгон.
Бейтаптардын бүгүнкү күнгө карата абалын билүү үчүн аталган ооруканага байланышканыбызда, учурда бир жабырлануучу дарыланып жатканын билдиришти.
"Кырсыктын кесепетинен ооруканага 49 жаштагы жаран келип түшкөн. Бейтаптын баш мээси чайкалган, сынык алган. Бүгүнкү күндө дарыланып жаткан жарандын абалы туруктуу", - дешти ооруканадан.
Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан ооруканага эки бейтап жөнөтүлгөнүн белгилешти. "Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусунун жаракаты жеңил болуп, ооруканага жатпай калган болушу мүмкүн", - дешти.