"Иш учурунда каза болгон инимдин өлүмү үчүн компенсация ала албай жатабыз, мыйзамда жазылгандар аткарылбай жатат" деп редакциябызга шаар тургуну Гүлжамал Качкынбаева кайрылды. Колунда тиешелүү мекемелердин корутундулары бар экенин айткан айым окуя тууралуу буларга токтолду.
"Нурсултан Маалабеков аттуу 19 жашар иним "Бишкек жарык" ишканасында электрик болуп эмгектенип жүргөн. Жумушка орношконуна 9 ай болгондон кийин токко урунуп каза болду. Каргаша иш учурунда, тагыраагы, 26-июнда жогорку чыңалуудагы электр карагайына чыкканда орун алды. Агам менен жеңем айылда, экөө тең жумушсуз. Нурсултан үй-бүлөсүн багып жүргөн бала болчу.
Инимдин өлүмүнө байланыштуу 5 адамдан турган ("Түндүк электр", "Бишкек жарык" жана Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери) комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзүлдү. Алардын корутундусуна ылайык, форма Н1 берилди. Бул корутундуну алып Борбордук профсоюздук комитетке бардым, ал жактан компенсация төлөнсүн деген маалыматкат беришти. Бирок "Бишкек жарык" ишканасынан бүгүнкү күнгө чейин кенемтени ала албай келебиз. Эмгек Кодексинде жазылып турат, биз жок нерсени талап кылган жокпуз. Мындан улам октябрь айында Башкы прокуратурага, Бишкек мэриясына жана президенттик администрацияга кат менен кайрылдым. Прокуратурадан кенемте төлөнөт деген жооп келди, мэриядан да жооп алдым. Бирок өлкө башчысына жазган катым боюнча жооп келе элек.
Канча айдан бери каккылабаган эшигим, кайрылбаган жерим калган жок", - дейт ал.
Кенемтенин төлөнүшү эмнеге кечеңдеп жатканын билүү үчүн "Бишкек жарык" ишканасына байланышка чыктык. Мекеменин жетекчиси Айбек Чодонов мындай факты биринчи жолу катталганын айтып буларга токтолду.
"Мындай окуя мурда болгон эмес. Буга байланыштуу жумушчу каза болгон учурда кенемтени төлөп берүү боюнча тажрыйбадан өткөн эмеспиз. Бирок кызматкерлерибиз токко урунуп же ден соолугуна зыян келтирилген учурларда дарылануусу үчүн компенсация төлөнүп келген. Ал эми каза болуп калган учурда кенемте төлөнсүн деген пункт программабызда жок. 2022-жылы иш программабызга ушул учурду киргизели деп турабыз.
Биз кенемтени төлөп бергенге даярбыз, болгону соттун чечими керек экен. Ишкана мамлекеттин эсебинен каржыланат. Компенсация төлөө үчүн каражатты бюджеттен алабыз. Мекеменин өзүнүн кенемте үчүн деген эсеби жок.
Буюрса, жакынкы күндөрү Ленин райондук сотуна ушундай жагдай болгонун айтып, кенемте үчүн каражат керек деп арыз менен кайрылабыз. Соттун чечиминен кийин бул маселе бир жагына чечилет", - дейт Чодонов.