Пара алуу фактысына шектелип Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары У.У. тарабынан транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп иштеп турган кезде 45 миң доллар акча каражатын опузалап алуу фактысы аныкталган.
6-декабрда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.