Июнь айынан бери дайынсыз болгон Нурлан Касиев изделет

Бишкекте 1975-жылы туулган Касиев Нурлан Романович дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрь күнү аталган РИИБге арыз менен аял киши кайрылып, Нурлан Касиев ушул жылдын 21-июндан 22-июнга караган күнү Нарындан Бишкекке такси менен келе жатып "Аламүдүн" базарынан түшүп калган боюнча дайынсыз болуп жатканы жазылган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып издөө иш-чаралары башталган.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрүп-билген болсо төмөндөгү телефон номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 508-05-05-00, 0709-332-463, 0 555-595-588, 0 312-432-815, 0 500-432-815 жана 102.

Учурда Нурлан Касиевди издөө иш-чаралары активдүү жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан