Ыкчам кызматтардын үн чыгаруучу жана жарык берүүчү каражаттарын мыйзамсыз орнотуп алган айдоочуларга айып салынат

Кайгуул кызматы жаңы кодекске ылайык, ыкчам кызматтардын үн чыгаруучу жана жарык берүүчү каражаттарын мыйзамсыз орнотуп алган айдоочуларга 5500дөн тартып, 17 миң сомго чейин айып салынарын эскертет. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

194-берене "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу".

1. Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдууларды орнотсо жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

2. Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган транспорт каражатын башкаруу, – жеке жактарга түшүрүлгөн түстүү графикалык схемаларды өчүрүү менен 5500 сом айып салынат;
Ал эми юридикалык жактарга түшүрүлгөн түстүү графикалык схемаларды, жарнамаларды, жазууларды, сүрөттөрдү өчүрүү менен 17000 өлчөмүндө айып.

3. Айдоочунун маӊдайкы айнеги жана (же) алдыӊкы эшиктердин каптал айнектери күӊүрттөлгөн, анын ичинде колго жасалган, өнөр жайлык түрдө даярдалган же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күӊүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу (тонировка) –
жеке жактарга 5500 айып пул салууга алып келет.

Эскертүү! Транспорт каражаттарынын айнектеринин жарык өткөрүүсү Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына ылайык келүүсү керек. Ушул ченем министрлер кабинети тарабынан тизмеги аныкталуучу атайын унааларга карата колдонулбайт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан