Орусиянын Казань шаарында 19 жаштагы кыргыз кызы көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду

Орусиянын Казань шаарында 19 жаштагы кыргыз кызы көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2002-жылы туулган Б.К. аталган шаарга ушул жылдын март айында апасы менен келген.

"Окуяны Казань шаарынын Москва районунун тергөө органдары өлүмдүн жагдайын иликтеп жатышат. Элчилик маркумдун апасы менен байланышта, ал кызынын өлүмү тууралуу массалык маалымат каражаттарына таратпоону суранган. Апасына маркумдун сөөгүн өлкөгө жөнөтүү тартиби боюнча кеңештер өз убагында берилген.

Сөөк 5-декабрда жөнөтүлгөн. Этикалык нормаларды жана жеке адамдардын укуктарын сактоо максатында айрым фактылар ачыкка чыкпасын билдиребиз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raikakyz
2021-12-08 02:42:45
Ушул кыздын видеосу эмеспи интернетте клинингде иштечү экен деп коркутушкан. Аллахым өз рахматына алган болсун. Бейиште болсун ылайым.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан